# Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 13 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 13 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33014/edition/826546/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 13 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (01.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258435

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 1-ноябры № 13 Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө 26.01.2015-жылдын № 26-мыйзамынын 12-1- пунктуна ылайык жана Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайырлуусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайырлуусу эске алысын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамына 16.000 (он алты миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.

Төрага

С. Арзиев
