# Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 3 "Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 3 "Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33005/edition/826528/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 3 "Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (01.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258426

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 1-ноябры № 3 Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын жана Дилшодбек Атабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси маркум Мамадиев Мухтаржандын ысымын Масы айылындагы Алтын-Водий көчөсүнө ыйгаруу боюнча Алтын-Водий көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 09-июнундагы чогулушунун токтомуна жана Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 655-сандуу сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Масы айылындагы биринчи Алтын-Водий көчөсүнө Мамадиев Мухтаржандын ал эми экинчи Алтын-Водий көчөсүнө Атабаев Дилшодбектин ысымы ыйгарылсын.

3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо

башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.

4. Алтын-Водий көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Мамадиев Мухтаржандын жана Атабаев Дилшодбектин жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.

5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Мамадиев Мухтаржандын жана Атабаев Дилшодбектин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.

Төрага

С. Арзиев
