Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги 9-сессиясы
2017-жылдын 25-июлу № 88 Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Семетеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 12-июлундагы №18-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Семетеевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөө боюнча сунуш берүү милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев):
-Ош шаарында көрнөк–жарнактарды Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык жайгаштырылышын ыкчам көзөмөлгө алуу;
- көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо багытында жеке ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон