Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дара айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 47 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобого ылайык ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Айыл чарба жерлерин, кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого ылайык комиссиясы түзүлсүн. (тиркеме 1 баракта)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М. Султанов
“Бекитемин” Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы М.Султанов
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамы
1. У.Акматов-Дара айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын тең төрагасы;
2. А.Мисиралиев-Жооптуу катчы, комиссиянын катчысы;
3. О.Тажибаев-Дара айылдык кенешинин депутаты;
4. Г.Акматбеков-Дара айылдык кенешинин депутаты;
5. Ш.Даминов-Дара айылдык кенешинин депутаты;
6. М.Бабаев-Дара айылдык кенешинин депутаты;
7. А.Сыдыков-Жер адиси;
8. И.Айдаров-Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы;
9. С.Садирбекова-Чек айылынын айыл башчысы;
Жооптуу катчы
А. Мисиралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.