# Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы № 46 "Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы № 46 "Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32926/edition/824333/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы № 46 "Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтому (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258347

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 17-июну № 46 Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобого ылайык ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Айыл чарба жерлерин, кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого ылайык комиссиясы түзүлсүн. (тиркеме 1 баракта)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М. Султанов

“Бекитемин” Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы М.Султанов

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө «Айыл чарба жерлерин, кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын Курамы

1. А.Тажибаев-Дара а/ө башчысынын орун басары, комиссиянын тең төрагасы;

2. М.Бабаев -Дара айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын тең төрагасы;

3. А.Мисиралиев-Дара айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;

Мүчөлөрү:

4. О.Тажибаев-Дара айылдык кенешинин депутаты;

5. Д.Камалов- Дара айылдык кенешинин депутаты;

6. А.Сыдыков-Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси;

7. С.Садирбекова-Чек айылынын айыл башчысы;

Жооптуу катчы

А. Мисиралиев
