# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 22 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 22 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32913/edition/824094/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 22 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө" токтому (07.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258334

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

2015-жылдын 7-августу № 22 Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-июнундагы №125 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө ”Мыйзамынын 3-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алууну жана айыл башчы штатын каржылоого каражат бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу 2013-жылдын 28- июнь айындагы №383 токтомунун ылайык жектектөөчү адистин деңгээлинде 1 айыл башчы штаты бекитилсин.

2. Айыл башчы штатын каржылоого Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча түшкөн каражаттан сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюжет,салык,финансы,экономикалык саясат жана минуципалдык менчик” боюнча туруктуу. комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

М. Суранов
