# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/284 "Батырбек Тасмабеков жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/284 "Батырбек Тасмабеков жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/284
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32871/edition/823205/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/284 "Батырбек Тасмабеков жөнүндө" токтому (29.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258292

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 01-05/284 Батырбек Тасмабеков жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Б.Тасмабековдун Ленин №17 көчөсүндөгү жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 673,0 кв. метр жеринин пайдалануу багытын турак-жай курууга өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Батырбек Тасмабековдун арызы канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаарынын Ленин №17 көчөсүндө жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 673,0 кв. метр жеринин пайдалануу багыты турак-жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.

3. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов
