Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Батырбек Тасмабеков жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/284 Батырбек Тасмабеков жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Б.Тасмабековдун Ленин №17 көчөсүндөгү жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 673,0 кв. метр жеринин пайдалануу багытын турак-жай курууга өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Батырбек Тасмабековдун арызы канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Ленин №17 көчөсүндө жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 673,0 кв. метр жеринин пайдалануу багыты турак-жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.
3. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төраганын м.а.
Ж. Токтосунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат…Постановление · 30.05.2008 · № 252 · Күчүн жоготкон