# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/282 "К.М.Эгембердиевдин 6 айлык маалыматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/282 "К.М.Эгембердиевдин 6 айлык маалыматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/282
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32869/edition/823201/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/282 "К.М.Эгембердиевдин 6 айлык маалыматы жөнүндө" токтому (29.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258290

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 01-05/282

К.М.Эгембердиевдин 6 айлык маалыматы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2016-жылдын 6 ай ичинде шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2016-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов
