# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 "Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 "Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/279
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32866/edition/823194/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 01-05/279 "Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө" токтому (29.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258287

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 29-августу № 01-05/279 Коомдук соода-түйүн, оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектөө жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановдун Кочкор-Ата шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу максатында шаарда жайгашкан соода-түйүн, компьютердик клубдардын, кафе-ресторандардын, той-тамаша , оюн-зоок өтүүчү жайлардын түнкү иштөө убактысын чектеп берүү жөнүндө суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановдун кайрылуусу эске алынсын..

2. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан соода-түйүн, компьютердик клубдардын, кафе-ресторандардын, той-тамаша , оюн-зоок өтүүчү жайлардын иштөө убактысы түнкү 23:00 гө чейин чектелсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кочкор-Ата шаардык бөлүмчөсүнүн башчысы Т.А.Нышановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык , билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төраганын м.а.

Ж. Токтосунов
