# Бекмолдо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 216 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 216 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32859/edition/823180/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бекмолдо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 216 "Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө" токтому (29.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258280

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2016-жылдын 29-июлу № 216 Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен түзүлгөн типтүү келишимди карап, талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 шаттык бирдик бекитилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

Төрага

К. Орозалиев
