# Беловодский айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-октябрындагы № 204 "Беловодский айылдык аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Беловодский айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-октябрындагы № 204 "Беловодский айылдык аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32781/edition/821316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодский айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-октябрындагы № 204 "Беловодский айылдык аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (21.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258202

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2016-жылдын 21-октябры № 204 Беловодский айылдык аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31 беренесинин,3 бөлүгүнүн жана “Кыргыз Республикасынын” Салык кодексинин күчүнө кириши жөнундөгү” 2008 жылындагы тогуздун айынын 17 № 231 мыйзамына ылайык жана бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын 2016 жылындагы 12.10. №21 корутундусунун негизинде Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,- ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2017 жылдын үчтүн айынын 01 баштап Беловодский айылдык аймагына кийинки салыктар киргизилсин:

мүлккө салык; жер салыгы;

2. Токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктардын тескөө-башкаруусу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.

3. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.

4. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Орозалиевге жүктөлсүн.

Төрага

О. Чекирбаев
