# Ноокат райондук кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы №14-1 "Депутаттардын Ноокат райондук кенешинин жүргүзүп жаткап иштеринин ролун жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ноокат райондук кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы №14-1 "Депутаттардын Ноокат райондук кенешинин жүргүзүп жаткап иштеринин ролун жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14-1
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/25814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-1370/edition/336329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/25814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат райондук кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы №14-1 "Депутаттардын Ноокат райондук кенешинин жүргүзүп жаткап иштеринин ролун жогорулатуу жөнүндө" токтому (25.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/25814

---

НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин (IV чакырылышынын) кезексиз он төртүнчү сессиясы

2011-жылдын 25-марты № 14-1 Депутаттардын Ноокат райондук кенешинин жүргүзүп жаткап иштеринин ролун жогорулатуу жөнүндө Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин сессиясында туруктуу комиссияларынын төрагаларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап райондук кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылга финансылоону бекитилген бюджет чегинде аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү сунушталат.

2. Райондун аймагындагы кылмыштуулукту болдурбоо боюнча коомдук алдын алуу борборлорун кайрадан жандандырууну айыл округунун башчыларына жана ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Мирмахмудов атындагы айыл округунун аймагында райондук денгээлдеги базар ачуу үчүн жер маселесин чечүүнү Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдулхакимовго милдеттендирилсин. (мөөнөтү апрель айынын ичинде).

4. Райондун аймагындагы ооруканаларга кайрылган жарандар социалдык казына бөлүмүнөн карызы жок деген справка берүүнү талап кылуусунун мыйзамдуулугун чечип берүү жагы, Социалдык казына бөлүмүнүн башчысы К.Исмаиловдон жана борбордук оорукананын башкы даарыгери А.Мариповдон суралсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунда каралган жарандардын медициналык-санитардык жардам көрсөтүү шарттарынын аткарылбай жаткандыгы эске алынсын. (аймактык оорукана, «Медигос», «Барын» УБДТ)

6. Райондун Кок-Жар, Ынтымак, Т.Кулатов, Төөлөс, Найман, Он-Эки-Бел айыл округтарынын тургундары үчүн социалдык казына бөлүмүнөн ОМС, справка ж.б. документтерин берүүнү Кок-Жар айыл округунун базасында бөлүмчө ачуу жагын социалдык казына бөлүмүнүн башчысы К.Исмаиловко, Кок-Жар айыл округунун башчысы Б.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.

7. Ноокат районунун борборундагы борбордук базарынын санитардык, гигиеналык абалын жакшыртуу жагы Ноокат райондук санитардык-

эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери С.Токталиевага жана ОсОО Ноокат базарынын директору Ж.Орозалиевге милдеттендирилсин.

8. Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы № 6-4, 2009-жылдын 24-сентябрындагы № 4-3 токтомдорунун аткарылышы боюнча 2011-жылдын 1-майына чейин маалымат берүү жагы ДЭП-37 ишканасынын башчысы Ч.Сактановго жана Ноокат электр тармактар ишканасынын жетекчиси Жолдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.

9. Таза суу проектиси боюнча биринчи, экинчи төлөмдөрдү 2011-жылдын 30-апрелине чейин төлөбөгөн айыл округунун башчыларынын иш ордун кароо жагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигине, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин төрагасы М.Ташбаевге жүктөлсүн.

Ноокат райондук кеңешинин төрагасы

М.Ташбаев
