# Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-майындагы № 1 "Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-майындагы № 1 "Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32717/edition/820598/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-майындагы № 1 "Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө" токтому (02.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258138

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 5-сессиясы

2017-жылдын 2-майы № 1 Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө Айыл өкмөт башчысынын ВАЗ 21-07 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы бүгүнкү күндө көп ремонтту талап кылып, тетиктери жараксыз абалга жетип, техникалык абалы начар болуп, убактылуу айдоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун 5-пунктунун негизинде айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ВАЗ 21-07 кызматтык автоунаага 2017-жылга карата тетиктери, күйүүчү майлоочу майлары үчүн бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөт башчысынын жеке менчик Тайота Камри үлгүсүндөгү автоунаасына пайдалануу үчүн убактылуу уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана инвестиция комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Осмоналиев
