# Логвиненко айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 17 "Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Логвиненко айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 17 "Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/3-27
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32638/edition/819125/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Логвиненко айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 17 "Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө" токтому (13.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258059

---

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 13-майы № 17/3-27 Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө Логвиненко айыл аймагынын Новопокровка айылындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан Тентишев Эрик Саткынбаевичтин жеке менчик жер тилкелерин талкуулап аки таш чыгаруучу завод куруу боюнча которуу жөнүндө арызын карап чыгып, талкуулап жана “Жерлерди бир категориядан башка категорияга өткөрүү”(трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 19-март 2014-жылындагы №169 токтому, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13 беренесинин негизинде, убактылуу Жобону колдонмо кылып, Логвиненко айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Логвиненко айыл аймагында Новопокровка айылында Заречная көчөсүндө жайгашкан 6624,0 кв.м.аянты түзгөн Тентишев Эрик Саткынбаевичтин жеке менчик “Айыл чарбага белгиленген” жер тилкелерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына которууга макулдашылсын.

2. Төмөнкү токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Суеркулов
