Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Логвиненко айылдык кеңешинин «Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө» токтому
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 17/3-27 Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө Логвиненко айыл аймагынын Новопокровка айылындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан Тентишев Эрик Саткынбаевичтин жеке менчик жер тилкелерин талкуулап аки таш чыгаруучу завод куруу боюнча которуу жөнүндө арызын карап чыгып, талкуулап жана “Жерлерди бир категориядан башка категорияга өткөрүү”(трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 19-март 2014-жылындагы №169 токтому, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13 беренесинин негизинде, убактылуу Жобону колдонмо кылып, Логвиненко айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненко айыл аймагында Новопокровка айылында Заречная көчөсүндө жайгашкан 6624,0 кв.м.аянты түзгөн Тентишев Эрик Саткынбаевичтин жеке менчик “Айыл чарбага белгиленген” жер тилкелерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына которууга макулдашылсын.
2. Төмөнкү токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р. Суеркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон