# Логвиненко айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-мартындагы № 16/3-27 "Логвиненко айылдык округдун аймагында “Жайыт жерлерди ” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Логвиненко айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-мартындагы № 16/3-27 "Логвиненко айылдык округдун аймагында “Жайыт жерлерди ” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/3-27
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32637/edition/819008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Логвиненко айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-мартындагы № 16/3-27 "Логвиненко айылдык округдун аймагында “Жайыт жерлерди ” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө" токтому (14.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258058

---

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 14-марты № 16/3-27 Логвиненко айылдык округдун аймагында “Жайыт жерлерди ” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысынын” 8-берененин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жайыт жерлер жөнүндө” 4- беренесине ылайык, айылдык кеңештин сессиясы жайыт жерлерди колдонууда эффективдүү жана рационалдуу башкаруу максатында, Логвиненко айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. жайыт жерлерди колдонууда салык акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:

Ири мүйүздүү мал башына 80,0 сом бир башка Жаш мал (бодо мал) 65,0 сом бир башка Кой, эчки 17,0 сом бир башка Жылкы 100,0 сом бир башка

2. Башка айыл аймагынын малдарына эки эсе акы алынсын.

Жайыт комитетинин төрагасынын бир айлык акысы-3500 м.сом. Жайыт комитетинин эсепчисинин бир айлык акысы-3000м.сом. Жайыт жерлерин кыдырып кайтаруучуга бир айлык акысы келишимге ылайык. Эмгек акысынын төлөмдөрүнүн фонду 2017-жылдын март айынан баштап 31-октябрьга чейин төлөнсүн. Ар кандай төлөмдөр үчүн-20000 м.с.

3. Токтомдун аткарылышын жана төлөмдөрдү чогултуп айыл өкмөтүнө жөнөтүү милдети жайыт комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Р. Суеркулов
