# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 74/13-4 "Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 74/13-4 "Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74/13-4
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32630/edition/818994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-майындагы № 74/13-4 "Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому (13.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258051

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы

2017-жылдын 13-майы № 74/13-4 Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 12.05.2017-ж. чыг.№868/1-4 жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, 2017-жылдын 11-майында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кээ бир ыйгарым укуктарды өкүлдөө боюнча типтүү келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694 “Жаныбарларды идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” Токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кээ бир ыйгарым укуктарды өкүлдөө боюнча Токмок ш. мэриясы менен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын алдындагы Чүй райондук башкармалыгынын ортосундагы келишим бекитилсин.

2. Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын төмөндөгү прейскуранты бекитилсин:

- белги сырганын комплекти жана аппликатор – 38 (отуз сегиз) сом;

- каттоочунун тейлөөсү – 32 (отуз эки) сом.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
