# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы № 61/12-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы № 61/12-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 61/12-4
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32617/edition/818855/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-мартындагы № 61/12-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (24.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258038

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы

2017-жылдын 24-марты № 61/12-4 Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 14.03.2017-ж. чыг.№419/1-4 Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 16-мартындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №27/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамынан комиссиянын төрагасынын орун басары – Кусанов С.А. Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. чыгарылсын;

- Комиссиянын курамына комиссиянын төрагасынын орун басары болуп – Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Кошоев Н.Н. киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
