Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 61/12-4 Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 14.03.2017-ж. чыг.№419/1-4 Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 16-мартындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №27/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамынан комиссиянын төрагасынын орун басары – Кусанов С.А. Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. чыгарылсын;
- Комиссиянын курамына комиссиянын төрагасынын орун басары болуп – Токмок ш. ММБнын башкаруучусу Кошоев Н.Н. киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы №27/7-4 "Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө"Постановление · 17.11.2016 · № 27/7-4
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон