# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 53/11-4 “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 53/11-4 “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53/11-4
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32612/edition/818845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы № 53/11-4 “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө" (28.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258033

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын 11- сессиясы

2017-жылдын 28-февралы № 53/11-4 “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 24-ноябрындагы чыг.№1953/1-4 “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 19-январындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларда каралган шарттарда “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө жана ишке ашырууга макулдук берилсин.

2. “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берилсин.

3. “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруу боюнча жоопкерчилик Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигине (Шамыралиев Ж.Дж.) жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
