# Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-февралындагы № 50/10-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-февралындагы № 50/10-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/10-4
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/258030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32609/edition/917577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/258030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-февралындагы № 50/10-4 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/258030

---

Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы № 89/14-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын 10- кезексиз сессиясы

2017-жылдын 6-февралы № 50/10-4 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2017-жылдын 3-февралындагы чыгыш №191/1-4 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускамага, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 03-февралындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамына төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамынан Токмок ш. мэриясынын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы – Табалдиев М.А. чыгарылсын;

- Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башкаруучусунун орун басары Ж.А.Эсенкуловдон - комиссиянын катчысынын милдети алынсын жана комиссиянын курамына мүчөсү болуп киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

Төрага

Т.А. Солтобаев
