Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Биринчи Май айылдык кеңешинин «Санитардык-коргоочу зонанын өлчөмүн азайтуу жөнүндө» токтому
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Биринчи Май айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 6-сессиясы
2017-жылдын 19-июлу № 22 Санитардык-коргоочу зонанын өлчөмүн азайтуу жөнүндө Ак-Суу а. Заводская көч.1д дарегиндеги “Саншайн глобал Трейд” ЖЧК дандык чанактуу өсүмдүктөрүн тазалоо жана кайра иштетүү боюнча курулуучу цехи үчүн санитардык коргоо зонасынын өлчөмүн азайтуу жөнүндө маалыматын угуп жана “Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу а. дандык чанактуу өсүмдүктөрүн тазалоо жана кайра иштетүү цехи” долбоорунун мамлекеттик экологиялык экспертизасынын 2017-ж. 16.05. № Э03/П22з корутундусунун, КР Саламаттык сактоо министирлигинин 2017-ж. 06.06. № 01-1/4-6054 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. № 201 токтому менен бекитилген “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо санитардык-эпидемиялогиялык эрежелери жана ченемдеринин 31-пунктуна ылайык, Биринчи май айыл кеңешинин сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дандык чанактуу өсүмдүктөрүн тазалоо жана кайра иштетүү боюнча цехин куруу үчүн санитардык-коргоо зонасы 75 метрдин 28 метрге азайтууга макулдук берилсин.
Төрага
С.У. Дунганов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.