# Корул айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 4/13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 4/13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/13
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32564/edition/818397/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 4/13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу жөнүндө" токтому (10.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257985

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму

2017-жылдын 10-февралы № 4/13 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган КР салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө укук берилгендигине таянып, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган КР салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө укук берилгендигине таянып, айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана салык кызматкери Т.Оморовго милдеттендирилсин.

Төрага

Т. Маназаров
