Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талас шаардык кеңешинин «Талас шаарындагы “Газпром” спорт комплексине спорттук инвентарларды,тренажерлорду сатып алуу долбоору жөнүндө» токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 28-июну № 49/9-7 Талас шаарындагы “Газпром” спорт комплексине спорттук инвентарларды,тренажерлорду сатып алуу долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2017-жылдагы №01-4/811 чыгыш сандуу катынын жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин депутаттарынын колдоосунун негизинде, Талас шаарында спортту өнүктүрүү, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана шаардыктардын сергек жашоо образын калыптандыруусуна заманбап шарттарды түзүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы “Газпром” спорттук комплексине заманбап спорттук инвентарларды жана тренажерлорду сатып алуу үчүн 2000000(эки миллион ) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Р.Токтогулова ) тапшырылсын.
Төрага
М. Есенкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 10-ноябры № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон