# Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45/9-7
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32539/edition/818209/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 45/9-7 "Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө" токтому (28.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257960

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 9- сессиясы

2017-жылдын 28-июну № 45/9-7 Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы № 29/6-7 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2017-жылдагы №01-4/811 чыгыш сандуу катынын негизинде,Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ички жолдорун оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын ички жолдору Ш.Шеркулов көчөсү Ч.Айтматов көчөсүнөн А.Огонбаев көчөсүнө чейинки аралыгы, А.Огонбаев көчөсү Б.Осмонкулов көчөсүнөн Ү.Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы, Ж.Мырзалиев көчөсү Оторбаев көчөсүнөн А.Огонбаев көчөсүнө чейинки аралыгы жана Ж.Мырзалиев көчөсүн Ч.Айтматов көчөсүнөн Ж.Тагайбаев көчөсүнө чейин ондоп, асфальттоо үчүн жалпы 14 276369 (он төрт миллион эки жүз жетимиш алты миң үч жүз алтымыш тогуз) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Иманалиев Ж.Ж.) тапшырылсын.

Төрага

М. Есенкулов
