# Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 15/4-7 "Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 15/4-7 "Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/4-7
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32450/edition/814659/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 15/4-7 "Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө" токтому (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257871

---

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 27-апрели № 15/4-7 Калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүү жөнүндө Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы А.И.Сапаркулованын 04.04.2017ж чыгыш № 64, шаардык жеке ветеринар ишкерлеринин 28.02.2017-жылдагы чыгыш №6 сандуу кайрылуу каттарынын негизинде, 2017-жылдын 21-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө “ 06.06.2013-жылкы № 91 мыйзамын ишке ашыруу максатында “Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы иштерди жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органды аныктоо“, Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 11.04.2014-жылдагы № 187 жана “Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесин бекитүү” 05.12.2014-жылдагы № 964 токтомдорунун, ошондой эле Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 30.03.2017-жылдагы № 93-б буйругунун негизинде Кара-Көл шаардык жана Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактык башкарамалыктарында идентификациялоо иштеринин биринчи этабын баштап, биринчи кезекте уй-кунажындарды идентификациядан өткөрүү боюнча Кара-Көл шаардык ветеринардык бөлүмүнүн берген маалыматын жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмчөсүнүн негизинде Кара –Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо боюнча калкка кызмат көрсөтүү тарифи кара малга - 30 сомдон бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Кара-Көл шаардык ветеринардык бөлүмүнө (М.Боржуев), Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев) жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) милдеттендирилсин.

Төрага

К. Уметов
