# Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 10/3-7 "Жазы-Кечүү жайыт комитетинин жайытка байланыштуу ички эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 10/3-7 "Жазы-Кечүү жайыт комитетинин жайытка байланыштуу ички эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/3-7
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32445/edition/814649/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 10/3-7 "Жазы-Кечүү жайыт комитетинин жайытка байланыштуу ички эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (16.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257866

---

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 16-марты № 10/3-7 Жазы-Кечүү жайыт комитетинин жайытка байланыштуу ички эрежелерин бекитүү жөнүндө Жазы-Кечүү жайыт комитетинин төрагасы С.Б.Кыдыралиевдин “Жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө” кайрылуусун , шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын аймагында жазгы талаа жумуштары 20-апрелден башталгандыгына байланыштуу жаздоого 20-апрелден калбай, жайлоолорго 20-майдан 1июнга чейин көчүрүлсүн. Өз убагында көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга 1000 (миң) сомдон айып салынсын.

2. Жайлоого көчүү 20 майдан-1 июнга чейин, ал эми күздөөгү көчүрүү 1-октябрдан кийин жүргүзүлсүн.

3. Айдоо аянтына жана көп жылдык чөптүн аянтына кирип зыян келтирген малдардын ээлерине төмөндөгүдөй айып салынсын:

бодо малдарга (уй, жылкы, тай торпок, эшек) ар бир башына 500 сом; майда жандыкка 100 сом .

4. Мөөнөттөн мурда (жайлоодон күздөөгө) көчүп келген малчыларга 1760 сом айып салынсын жана Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 23-майындагы №301-токтомуна ылайык мал ээлерине бир сутка ичинде кайра көчүп кетүүсү кат жүзүндө эскертилсин.

5. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте санак жүргүзүлсүн. Малын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.

6. Бул эрежелер жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлсүн.

7. Кармалган малдар боюнча мал ээлерине кабар берүү жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев), Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгына (Ж.О.Кокумбаева) милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев), ал эми көзөмөлдөө жагы Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгына (Ж.О.Кокумбаева), шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) милдеттендирилсин.

Төрага

К. Уметов
