# Момбеков айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 2 "Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Момбеков айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 2 "Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32353/edition/809026/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Момбеков айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 2 "Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (29.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257774

---

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Момбеков айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 9-сессиясы

2017-жылдын 29-апрели № 2 Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы № 1997-111 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби” тууралуу жобого ылайык, айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу жана КБФнын жерлеринин ижара акысын кароо жөнүндөгү Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу боюнча айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 9-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу жана КБФнын жерлеринин ижара акысын кароо жөнүндөгү Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтому жокко чыгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т. Стамбаев
