Терек айылдык Кеңешинин «Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн кошумча реестрин бекитүү жѳнүндѳ» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Терек айылдык Кеңешинин кезексиз 4- сессиясы
2016-жылдын 12-октябры № 4/3 Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн кошумча реестрин бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу жѳнүндѳ” 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтомуна ылайык жана Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Нуракованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн тѳмѳндѳгүдѳй кошумча реестри бекитилсин.
№
Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн аталышы
Муниципалдык кызматты стандартташты- руу учүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды кѳрсѳткѳн муниципалдык мекемелер
Шарттар
1
Үй-бүлѳлүк абалы, мүлкү, малдын саны тууралуу маалымкаттарды берүү Форма № 1
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
2
Жашаган жери, үлүш жери боюнча маалымкаттарды берүү Форма № 2
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
3
Малдарды сатуу боюнча маалымкаттарды берүү Форма № 3
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
4
Айлык тууралуу маалымкаттарды берүү Форма № 4
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
5
Мал ооруларын алдын алуу максатында мунуципалдык ветеринардын кызмат кѳрсѳтүүсү
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
6
Жер участокторуна, чарбакка, иштетилген жерлерге укук орнотуучу докуменменттерин жол жоболоштуруу
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
7
Кыш мезгилинде карышкыр атууну уюштуруу
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
8
Калкка маданий агартуучулук иш-чараларды уюштуруу
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
9
Кургак учук менен ооругандар үчүн дарылануу үчүн жол акысын тѳлѳп берүү
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
10
Жардамга муктаж, ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар кандай жардамдарды берүү (даталуу күндѳрдѳ белектерди берүү)
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
11
Жалгыз бой жана жардамга муктаж үй-бүлѳлѳргѳ кыш мезгилинде кошумча кѳмүр берүү
Терек айыл ѳкмѳтү
Терек айыл ѳкмѳтү
Акысыз
2. Бекитилген реестрдин негизинде иш алып баруу жагы айыл ѳкмѳт кызматкерлерине тапшырылсын.
Тѳрага
М. Садыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2014 · № 302 · Күчүн жоготкон