# Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-майындагы № 7/1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкасынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-майындагы № 7/1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкасынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/1
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32186/edition/806282/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-майындагы № 7/1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкасынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (11.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257607

---

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

2017-жылдын 11-майы № 7/1 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкасынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916-v токтомун жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдарынан, жашаган көчөлөрдөн, мекемелерден жана жарандардын чогулушунан Кум-Дөбө айыл аймагынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн, протокол, сунуштарын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө карата Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы айыл кыштактардан, мекемелерден, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана жарандардын чогулушунан Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы № 4147 шайлоо участкасына көрсөтүлгөн талапкерлердин резервдик курамын 5 жылга түзүү жана шайлоо участкасынын комиссиясынын курамын мыйзамда белгиленген санда бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.

№ 4147 Кум-Дөбө шайлоо участкасы боюнча талапкерлер:

· Макеева Гүлүмкан Сабыровна

· Мусаева Динара Асыранкуловна

· Көлүкбаев Каныбек Ашырбекович

· Шаршембиева Назира Маатказиевна

· Шамшидинова Назгүл Коёнбаевна

· Акишова Ишебүбү Абакировна

· Жуманалиева Бактыгүл Токоновна

· Сейитказиева Кымбат Кадыракуновна

· Бейшеналиева Толкун Турсуналиевна

· Кутбидинов Жеңишбек Саамаевич

· Мидинбек уулу Урмат

· Нуркалиев Чыңгыз

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы жана депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин № 4147 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүүдө көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен мурунку шайлоолордо иштеген тажрыйбасын, билимин, кадыр-баркы эске алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине тапшырылсын.

Төрага

А. Өмүров
