# Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 80 "Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 80 "Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-32148/edition/805881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/257569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 80 "Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (23.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257569

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы (4- чакырылыш)

2017-жылдын 23-майы № 80 Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 7-декабрындагы №489/08-6, Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №10-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 16-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» №302-токтомунун 1-пунктундагы жер тилке ээлеринин тизмесине Д.Умаров жана У.Маманазаров кошулуп окулсун.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж. Ормонов
