Момбеков айылдык Кеңешинин «Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын 6 -сессиясы
2017-жылдын 10-марты № 6 Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин 31-статьясынын 3-пунктуна ылайык Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюжетин угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6 -сессиясынын ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөнованын айыл Өкмөтүнү жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга 17922900 сом, 2018-жылга долбоору 18201500 сом жана 2019-жылга 18816500 сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2017-жылга 17922900 сом, 2018-жылга долбоору 18201500 сом жана 2019-жылга 18816500 сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Момбеков айыл Өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2017-жылга калган 1752686 сом 53 тыйын акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөнованын маалыматы эске алынсын.
5. Момбеков айыл Өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2017-жылга калган 1752686 сом 53 тыйын акча каражаты №3 -тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Жергиликтуу бюджетинин 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыгы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 200000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2017-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебиндеги 160000 сомдук Момбеков айыл Өкмөт башчысынын резервдик фондусу түзүлсүн.
10. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун которуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Стамбаев
Момбеков айылдык Кеңешинин 6-сессиясынын № 6 токтомуна №1 тиркеме
Кирешелердин аттары
2017-ж план
2018-ж план
2019-ж план
Киреше салыгы
1940,0
2122,0
2341,0
Ыктыярдуу патент
360,0
360,0
360,0
Кыймылсыз мулкко салык
45,0
45,0
45,0
Транспорт салыгы
600,0
600,0
600,0
Там арка жер салыгы
105,0
105,0
105,0
Айыл чарба багытындагы жер салыгы
805,6
805,6
805,6
Калктуу пункттардан тушуучу салык
455,0
455,0
455,0
Сатуудан алынуучу салык
740,0
810,0
896,0
Жалпы салыктар
5050,6
5302,6
5607,6
Кайра болуштуруу жер ижара акысы
1280,0
1280,0
1280,0
Жайыт ижара акысы
15,0
15,0
15,0
Жалпы салык эмес жыйымдар
1295,0
1295,0
1295,0
Актив жана милдеттенмелер
300,0
300,0
300,0
Айыл чарба багытында эмес жер сатуу
300,0
300,0
300,0
Жыйынтыгы жалпы бюджеттик киреше
6645,6
6897,6
7202,6
Атайын каражат
1600,0
1600,0
1600,0
Жалпы киреше
8245,6
8497,6
8802,6
Тендоочу грант
9677,3
9703,9
10013,9
Бардык кирешелер
17922,9
18201,5
18816,5
Момбеков айылдык Кеңешинин 6-сессиясынын № 6 токтомуна №2 тиркеме
Мекемелердин аталышы
2017-ж план
2018-ж план
2019-ж план
Мамлекеттик тейлоо тармагы
7418,5
6900,8
7175,0
Билим беруу тармагы
5819,6
6280,0
6525,0
анын ичинен:
балдар бакчасына
2548,6
2940,0
3115,0
Мектептерге
3271,0
3340,0
3410,0
маданият тармагына
1800,8
1842,0
1892,0
анын ичинен:
китепканага
192,0
192,0
192,0
маданият уйуно
1608,8
1650,0
1700,0
ЖКХ
984,0
1279,0
1324,5
Актив жана милдеттенмелер
300,0
300,0
300,0
Жыйынтыгы бюджеттик чыгашасы
16322,9
16601,8
17216,5
Атайын каражат
1600,0
1600,0
1600,0
Жалпы чыгаша:
17922,9
18201,8
18816,5
Момбеков айылдык Кеңешинин 6-сессиясынын № 6 токтомуна №3 тиркеме
Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2017-жылга калган 1 752 686 сом 53тыйын калдыкты бөлүштүрүү боюнча эсеби ЖКХ Берене 22211100 учурдагы ремонт иштерине I-кв
№
Аталышы
сумма
1
Асфальт төшөө (ямочная работа)
192530
2
Электро чубалгылар (таштак айылы)
50000
3
Трубалар үчүн (Кут д/ч)
100000
Итого:
342530
Аппарат Берене 22211100 учурдагы ремонт иштерине I-кв
№
Аталышы
сумма
1
Инвестиция тартууга (проектилерге)
1150000
Итого:
1150000
Аппарат Берене 31123210 учурдагы ремонт иштерине I-кв
№
Аталышы
сумма
1
Эмеректерди сатып алууга (бухгалтерия)
60156,53
Итого:
60156,53
Аппарат Берене 22154900 учурдагы ремонт иштерине I-кв
№
Аталышы
сумма
1
Накталай кассалык акча каражатын жүргүзүүгө
200000
Итого:
200000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон