# Дөбөлү айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 9/4 "Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 9/4 "Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/4
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31966/edition/801363/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 9/4 "Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу жөнүндө" токтому (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257386

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы

2017-жылдын 10-майы № 9/4 Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу жөнүндө Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125-буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисине жана билим берүү мекемелердин социалдык жактан тейлеген мугалимдерине төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

- Балдарга карата ырайымсыз мамилелерге жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жана аныкталган учурлар жөнүндө маалыматтарды укук коргоо органдарына жана социалдык өнүгүү башкармалыгына берүү жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Ата-энелеринен камкордугусуз калган балдарды анын ичинде ички жана тышкы мигранттардын балдарын аныктоо максатында үй-бүлөлөрдү үймө үй кыдыруу;

- Балдар үчүн маданий иш чарараларды( өздүк көркөм кружокторду, балдар майрамдары, фестивалдар конкурстар, диспуттар, музейлерге барууну) уюштуруу;

- Өспүрүмдөр жана балдар анын ичинде калктын социалдык аялуу катмарынын балдары үчүн жеткиликтүү спорттук жана чыгармачылык ийримдерди түзүү.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылып, билим берүү мекемелерде аткарылуучу иштерди көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Ч. Назаралиевага тапшырылсын.

Төрага

А. Бектемиров
