# Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 5 (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленгендей, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу укугун беүүнүн тартиби жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 5 (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленгендей, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу укугун беүүнүн тартиби жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31934/edition/801235/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кең-Арал айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-мартындагы № 5 (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленгендей, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу укугун беүүнүн тартиби жөнүндө) токтому (02.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257354

---

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2017-жылдын 2-марты № 5 Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленгендей, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу укугун беүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобону жетекчиликке алып жана Кен-Арал айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Султаналиев Салымбектин кайрылуусун канааттаныруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт жерлер мал жаюудан башка максаттарга пайдаланууга алынган жана пайдалануу мөөнөтү бүткөн жерлерге келишимдер түзүлсүн (айдоо, бак дарак, чөп чабык, мобильдик байланыш станция, акиташ, таш-кум, балык өстүрүү, аарычылык, туризм ж.б.)

2. Мобилдик станциялар турган жер аянттарына айына 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп берүү жагы мобилдик станцияларга сунушталсын. ( Альфа телеком, Нур телеком, Билайн-терра компании).

3 Пайдаланууга алынган жайыт жерлердин документтери жок болуп, келишим түзүүдөн баш тарткан жарандардан мыйзам бузуулар болсо, укук коргоо органдарына кайрылып, чара көрүлүп жерлери алынсын.

4. Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы: С. Султаналиевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

И. Жумабеков
