# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 "Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 "Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31912/edition/799837/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 1 "Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257332

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 23- сессиясы

2016-жылдын 29-июну № 1 Кызыл Туу айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы №165 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы 19-сессиясында кабыл алынган №1 токтомдун 22 жана 23-пунктары төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:

• Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык кызматкерлерин колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнундагы №383 Токтому менен бекитилген баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун негизинде кварталдар жыйынтыгы менен сыйакылар төлөө жагы каралсын.

• Аталган мыйзамдын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан материалдык жардам көрсөтүү каралсын.

2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.

Төрайым

Т. Наримбетова
