# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 9 "Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерлердин инвентаризациясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 9 "Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерлердин инвентаризациясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31897/edition/799436/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 9 "Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерлердин инвентаризациясы жөнүндө" токтому (24.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257317

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы

2016-жылдын 24-февралы № 9 Кызыл-Туу айыл аймагындагы жерлердин инвентаризациясы жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндө” №114 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан 2014-жылдын сентябрь айынан жылдын январь айына чейин инвентаризациялангандыгы жөнүндө мааламатты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн балансасындагы жерлер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелорация миңистрлигинин “Кыргыз мамлекеттик экспедицисынын адистери жүргүзгөн инвентаризациясы жактырылсын.

2. Сузак райондук мамлекеттик адмиңистрациясынын алданда түзүлгөн комиссия курамынан Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер балансасын Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистеринин инвентаризациясына жараша кабыл алып токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Мусановго жүктөлсүн.

Төрайым

Т. Наримбетова
