# Ананьев айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 27/5-3 "Ананьев айлында жайгашкан уюлдук антенналар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 27/5-3 "Ананьев айлында жайгашкан уюлдук антенналар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/5-3
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31879/edition/799398/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 27/5-3 "Ананьев айлында жайгашкан уюлдук антенналар жөнүндө" токтому (16.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257299

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ананьев айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын V сессиясы

2017-жылдын 16-марты № 27/5-3 Ананьев айлында жайгашкан уюлдук антенналар жөнүндө Уюлдук антенналар боюнча комиссиянын отчетун угуп, карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлындагы Н.Г. Лященко атындагы мектебинин аймагында жайгашкан уюлдук антенна айылдын сыртына чыгарылсын.

2. Жер карап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссияга тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Кубат уулу Т.
