# Н. Исанов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 13-4 « Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын ортосундагы келишим жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Н. Исанов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 13-4 « Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын ортосундагы келишим жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13-4
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31821/edition/797981/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Н. Исанов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-февралындагы № 13-4 « Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын ортосундагы келишим жөнүндө» токтому (11.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257241

---

Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын 13- отуруму (сессиясы)

2017-жылдын 11-февралы № 13-4 « Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын ортосундагы келишим жөнүндө»

Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши Кыргыз Республикасынын « Нотариат жөнүндөгү» жана « жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекетик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык райондун, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары менен Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын ортосундагы түзүлгөн келишимдерди бекитип берүү жөнүндө айыл Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңеши Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы менен түзүлгөн келишимдер бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын жооптуу катчы А. Топчубаевка тапшырылсын.

Төрага

Ж. Нурмаматов
