# Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/10
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31728/edition/795337/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 3/10 "Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө" токтому (16.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257148

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

2017-жылдын 16-февралы № 3/10 Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоо боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси М.Казиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоого мал ээлеринен регистраторлорго эмгек акысы үчүн бир баш ири мүйүздүү бодо малдан 30 (отуз) сомдон, Жайыт комитетинин эсебинен бирка үчүн бир баш ири мүйүздүү бодо малга 37,76 (отуз жети сом жетимиш алты тыйын) сом , иш кагаздарына 2,24 (эки сом жыйрма төрт тыйын) сомдон төлөнүп берилсин. Ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоого баардыгы бир баш бодо малга 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу
