# Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 251 "Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 251 "Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31659/edition/791075/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бекмолдо айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 22-августундагы № 251 "Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө" токтому (22.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257079

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2016-жылдын 22-августу № 251 Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген “Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө” жобону жана 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Бекмолдо айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылына караштуу “Боз-Дөбө”участкасындагы № 1070 чөйрөсызыгында жайгашкан аянты 0,65 га жер тилкесин жана № 858 чөйрөсызыгында жайгашкан аянты 3,75 га жер тилкеси (жалпы 4,40 га) “Запастагы жерлер” категориясынын”Жайыт” түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын кайракы айдоо жер” түрүнө которууну сунуш кылат.

2. ”Жер участокторун которуу (тррансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамдын 9 -беренесинин 9-пунктуна ылайык жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди жерди пайдалануучунун жеке каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

Төрага

К. Орозалиев
