Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бекмолдо айылдык Кеңешинин «Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуусу жөнүндө» токтому
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-августу № 251 Сасык-Булак айылынын тургуну Шаршеналиев Чолпон Жаныкуловичтин кайрылуу арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген “Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө” жобону жана 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Бекмолдо айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылына караштуу “Боз-Дөбө”участкасындагы № 1070 чөйрөсызыгында жайгашкан аянты 0,65 га жер тилкесин жана № 858 чөйрөсызыгында жайгашкан аянты 3,75 га жер тилкеси (жалпы 4,40 га) “Запастагы жерлер” категориясынын”Жайыт” түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын кайракы айдоо жер” түрүнө которууну сунуш кылат.
2. ”Жер участокторун которуу (тррансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамдын 9 -беренесинин 9-пунктуна ылайык жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди жерди пайдалануучунун жеке каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
Төрага
К. Орозалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV "Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтомуПостановление · 16.01.2009 · № 895-IV
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон