# Дөбөлү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 35/1 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 35/1 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/1
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31615/edition/799310/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 35/1 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому (29.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257035

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын 35-сессиясы

2016-жылдын 29-сентябры № 35/1 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 14.04.2016-жылдагы №18-б буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 29.09.2016-жылдагы Актысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

Төрага

К. Исакова
