Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
К. Белекбаев айылдык кеңешинин «К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундарынын таштанды таштоочу жай даярдоого жер бөлүп берүү жөнүндө» токтому
К. БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 4- кезектеги отуруму
2017-жылдын 9-февралы № 4/7
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундарынын таштанды таштоочу жай даярдоого жер бөлүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсундун билдирүүсүн угуп талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VI чакрылышынын II кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамына ылайык жана 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 85 мыйзамынын редакциясыедагы 31-беренисинин 14-пунктунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн атуулдарынын таштанды таштоочу жай даярдоо үчүн Ош-Эркештам жолунун 126-чакырымынын сол жак боюнан 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн, Алай, Чоң-Алай райондор аралык эко-тех инспекциясынан суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевге жана Сопу-Коргон тазалык ишкансынын жетекчиси Т.Кадыровго жүткөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
М. Атабаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 17.04.2015 · № 85 · Күчүн жоготкон