# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 5/14 "Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 5/14 "Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/14
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/257000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-31580/edition/800005/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 5/14 "Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө" токтому (17.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/257000

---

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2017-жылдын 17-марты № 5/14 Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7)-пунктуна, 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3)-пунктуна жана 59-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №01-8/231 кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жактырылсын.

2. Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы кабыл алынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн

Төрайым

У. Дарипова
