# Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы Өкмөт Үйү, 1998-жылдын 19-январы ПУ № 19 "Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы Өкмөт Үйү, 1998-жылдын 19-январы ПУ № 19 "Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 19.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-500/edition/1191817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы Өкмөт Үйү, 1998-жылдын 19-январы ПУ № 19 "Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө" (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2560

---

УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с Указом Президента КР от 24 октября 2022 года УП № 357

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Өкмөт Үйү, 1998-жылдын 19-январы ПУ N 19 Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплексти түзүү жөнүндө "Билим" Улуттук билим берүү программасынын, Президенттик "XXI кылымдын кадрлары" билим берүү программасынын негизги багыттарын ишке ашыруунун чегинде, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары, финансы-экономикалык кызмат үчүн кадрларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун сапатын арттыруу жана Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн үзгүлтүксүз билим берүү системасын өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын жана А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун базасында кадрларды даядоо жана кайра даярдоо боюнча бирдиктүү окуу-илимий комплекс түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун анын балансында турган имаратты, курулуштарды, окуу жабдууларын жана башка шаймандарды кошуп алганда мамлекеттик мүлктүн өзгөчө бөлүгү менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын кармагына өткөрүп берсин.

3. Окуу-илимий комплекстин уставын иштеп чыгуу жана бекитүү, аны түзүү менен байланышкан уюштуруу жана башка иш-чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын президент - ректору А.А.Кутановдун төрагалыгы астында комиссия түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө каржылоо булагын аныктасын жана окуу-илимий комплекстин иштеши менен байланышкан башка маселелерди чечсин.

5. Бул указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик кызмат жана уюштуруу иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул указ жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
