Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 41
1. Инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушунун гана компетенциясына инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна коюлган:
1) инвестициялык фонддун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү;
2) инвестициялык фонддун уставдык капиталын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) жөнүндөгү;
3) мурда чыгарылган акцияларды топтоо жана бөлүштүрүү, кошумча акцияларды чыгаруу жөнүндөгү;
4) инвестициялык фонддун ишинин жылдык натыйжаларын бекитүү жөнүндөгү;
5) инвестициялык декларацияга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алуу жөнүндөгү;
6) инвестициялык фондду жоюу жана кайра уюштуруу, жоюучу комиссияны дайындоо, жоюу балансын бекитүү жөнүндөгү;
7) пайданы бөлүштүрүүнүн жана чыгашаларды жабуунун тартибин бекитүү жөнүндөгү;
8) инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндөгү;
9) фонддун көз карандысыз аудиторун дайындоо жөнүндөгү;
10) директорлор кеңешин шайлоо, ошондой эле анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү маселелер кирет.
11) инвестициялык фонддун ички (башкарма же башкы директор/башкаруучу) же тышкы (башкаруучу компания) башкарууларды киргизүү жөнүндө;
12) алдыдагы финансылык жылга инвестициялык фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө.
2. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына инвестициялык фонддун уставы менен инвестициялык фонддун иш-аракетинин башка маселелери да киргизилиши мүмкүн.
3. Акционердик инвестициялык фонд башка чогулуштарга карабастан жылына бир жолу акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушу инвестициялык фонддун директорлор кеңеши тарабынан чакырылат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин өткөрүлөт.
Күн тартибинин:
- инвестициялык фонддун ишинин жылдык натыйжасын бекитүү жөнүндөгү;
- пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү;
- (абзац КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
- алдыдагы финансылык жылга инвестициялык фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө.
Акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибиндеги бардык маселелер так белгиленүүгө тийиш.
4. Жылдык чогулуштан бөлөк акционерлердин бардык жалпы чогулуштары кезексиз чогулуштар болуп саналат.
5. Акционерлердин бир жалпы чогулушун ар башка жерде жана ар кандай убакта өткөрүүгө жол берилбейт.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү;
- алынып салынды: директорлор кеңешин шайлоо жөнүндөгү маселелер акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына таандык болот;
кошулду: (абзац КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
- алдыдагы финансылык жылга инвестициялык фонддун чыгымдарынын … кандай убакта өткөрүүгө жол берилбейт.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги алынып салынды: № 67 Мыйзамынын кошулду: N 67, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-9" title="9-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>