# 6-статья. Инвестициялык декларация

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938375..938376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 6-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-6

---

1. Инвестициялык декларация - инвестициялык фонддун инвестицияларынын максаты жөнүндөгү маалымат жана инвестициялык фонддун уставында жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде камтылган анын инвестициялык саясатынын багыттарынын баяндалышы.

2. Инвестициялык декларацияда капиталдык салымдарды диверсификациялоонун даражасы жана инвестициялык фонддун инвестициялык максаттарын ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктер тууралу маалымат камтылууга тийиш.

3. Акционердик инвестициялык фонддун инвестициялык декларациядагы уюштуруу чогулушу тарабынан бекитилет. Инвестициялык декларациядагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор инвестициялык фонддун акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет.

4. Үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясы башкаруучу компания тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-7)
