# 5-статья. Инвестициялык фонддун аталышы

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886); 08.04.2003 [Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 5-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-5

---

1. Инвестициялык фонддун аталышы анын түрүнө ылайык келүүгө тийиш. Инвестициялык фонддун аталышында милдеттенменин түрүнө жараша:

инвестициялык фонд ачык, интервалдык же жабык болуп санала турганын көрсөтүү менен "акционердик инвестициялык фонд"; инвестициялык фонд ачык, интервалдык же жабык болуп санала турганын көрсөтүү менен "үлүштүк инвестициялык фонд" деген сөздөр сөзсүз болууга тийиш.

2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык акционердик инвестициялык фонд деп таанылбаган юридикалык жактар өздөрүнүн аталыштарында "инвестициялык фонд" деген аталышты колдонууга укуксуз болушат.

Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясын кошпогондо, бир да адам "үлүштүк инвестициялык фонд" деген сөздөрдү каалаган айкалышта пайдалануу менен акча каражаттарын жана бөлөк мүлктү тартууга укугу жок. (КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги N 67, 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-6)
