# 4-статья. Инвестициялык фонддордун түрлөрү

- Документ: [Инвестициялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/255)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 26.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111886)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/255#diff=938380..938381>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/255/edition/938374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/255/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инвестициялык фонддор жөнүндө, 4-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-4

---

Акционердик инвестициялык фонддор төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- акционерлердин талабы боюнча (ачык акционердик инвестициялык фонддор) өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү инвестициялык фонддор;

- интервалдык инвестициялык фонддор (интервалдык акционердик инвестициялык фонддор), алардын акциялары алардын ээлерине мурдатан макулдашылган мөөнөттө, бирок жылына бир жолудан кем эмес алардын наркын төлөп берүүнү эмитенттен талап кылуу укугун берет;

- акционерлердин талабы боюнча өзү эмиссиялаган акцияларды сатып алууга милдеттүү эмес инвестициялык фонддор (жабык акционердик инвестициялык фонддор).

Үлүштүк инвестициялык фонддор төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- үлүштөрдүн ээлеринин талабы боюнча өзү эмиссиялаган инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга милдеттүү инвестициялык фонддор (ачык үлүштүк инвестициялык фонддор);

- интервалдык инвестициялык фонддор (интервалдык үлүштүк инвестициялык фонддор), алардын инвестициялык үлүштөрү аларды ээлерине мурдатан макулдашылган мөөнөттө, бирок жылына бир жолудан кем эмес алардын наркын төлөп берүүнү башкаруучу компаниядан талап кылуу укугун берет;

- үлүштүк инвестициялык фонддор тарабынан эмиссияланган инвестициялык үлүштү үлүш ээлеринин (жабык үлүштүк инвестициялык фонддордун) талабы боюнча сатып алуу милдеттенмеси жок үлүштүк инвестициялык фонддор.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/255/st-5)
